23-июлда түнкүсүн жана күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36;
Талас дубанында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36 градус болот.