Биз менен байланышыңыз

Сырттан келген 148 млн доллар коротула элек. Ал кайсы багытка жумшалат?

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 691 | 0

Пандемия учурунда Кыргызстанга сырттан келген акчанын ичинен 148 млн доллары колдонула элек. Ал кайсы багытка жумшалары тууралуу биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат берди.

Анын айтымында, жогоруда айтылган 148 млн доллар акча Улуттук банктын эсебинде турат. Анын чоң бөлүгү — 121 млн доллары Эл аралык валюта фондунан келген. Калганын Европа биримдиги берген.

«Бул каражаттын көп бөлүгүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандырууга жана бизнести колдоого жумшайлы деген пландар бар. Себеби Эл аралык валюта фондунан келген каражаттын (121 млн доллар) бир бөлүгү — 80 млн доллары 5 жылга берилген. Жеңилдик берилген мезгил аяктагандан кийин биз ал каражатты кайтарышыбыз керек болот. Андан тышкары, 40 млн доллар 10 жылга пайыздык үстөксүз берилген. Бул дагы аз эле убакыт. Ошондуктан ал ресурстарды бизнеске жеңилдетилген насыя түрүндө кайтарып берүү принцибинде берсек туура болот. Насыянын кайтарылышынан каражат топтоп, тышкы карыз төлөнөт», — дейт Асрандиев.

Мындан тышкары, коронавирус менен күрөшүүдө муктаждык пайда болсо ошол жакка да жумшалат.

Буга чейин Кыргызстанга башка мамлекеттерден 321 млн доллар келгени жана анын 173 млн доллары сарпталганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM