Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 60 млн доллар акча бөлөт

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 2711 | 1

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 60 млн доллар акча бөлөт. Анын 30 млн доллары  — грант, калганы — насыя. Президенттин аппаратынын маалыматына караганда, макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин бул келишим Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп, кабыл алынган.

Келишимдин максаты, Дүйнөлүк банк тарабынан кыргыз өкмѳтүнө Ош облусунун жана шаарынын институционалдык деңгээлин көтөрүүгө, туризм жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү аркылуу экономикалык, регионалдык өнүгүүнү колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Анын алкагында, «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоору иштелип чыккан. Насыяны төлөө мөөнөтү ар бир жылдын 15-апрели жана 15-октябры деп белгиленген. Тагыраагы, 2026-жылдын 15-апрелинен баштап жана 2057-жылдын 15-октябрында аяктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

1 пикир

1 пикир

  1. Мирлан

    22.07.2020 21:52

    Прездент ушундай кырдаалда жумуш жок,кредиттерди чечип берсе жакшы болмок женилдедип,элдин баары кредит толойбуз деп кочодо журушот,ушундай кырдаалга процентин тогуп турса жакшы болмок эле

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM