Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын пайдасы тууралуу мыйзам өзгөртүлдү

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 605 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Ага өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңеш 2020-жылдын 17-июнунда жактырган.

Бул мыйзамга ылайык, Улуттук банк пайдасын республикалык бюджетке тѳмѳнкүдѳй тартипте чегерет:

-2019-жылдын жыйынтыгы боюнча пайдасынын жүз пайызын которот;

-2020-жылдын жыйынтыгы боюнча өз пайдасынын токсон пайызын республикалык бюджетке которот.

Мындан тышкары, өкмѳт 2019-жылдын жыйынтыгы менен Улуттук банктын республикалык бюджетке төгө турчу пайдасынын он пайызын — 256 млн 527 миң 300 сомду мамлекеттик бюджеттик резервге жѳнѳтүшү керек.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тарта күчүнө кирет.

2019-жылдын 30-апрелине чейин иштеген мыйзамга ылайык, Улуттук банктын республикалык бюджетке которууга тийиш болгон пайдасынын өлчөмү жетимиштен токсон пайызга өзгөртүлгөн.

2019-жылдын 30-апрелинен тарта ал мыйзам күчүн жоготуп, Улуттук банктын пайдасын бөлүштүрүүдөн келип чыккан чегерүүлөрдүн республикалык бюджетке которула турган өлчөмү азыркы учурда жетимиш пайызды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM