Биз менен байланышыңыз

Жаңы оорукананы куруу иштери ушул жумада башталат

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 786 | 0
Кыргызстандагы ооруканалардын бири

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукананы куруу иштери ушул жумада башталат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ооруканаларды куруу иштерине Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу.

Мындан тышкары, өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багытын өзгөртүп, ооруканага ылайыкташтыруу тапшырмасы коюлду.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте  колдонулбай турган имараттарды тез арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө тийиш. Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташ керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болсун, — деди өкмөт башчы.

Боронов аймактарда кошумча орундарды даярдоо боюнча Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилери начар иштеп жатканын сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM