Биз менен байланышыңыз

Акматова: 40 медицина кызматкерине 200 миң сом компенсация төлөнөрү күтүлүүдө

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 591 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 40 медицина кызматкерине 200 миң сом компенсация төлөнүп берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Бүгүн министрликте бул маселе боюнча комиссиянын жыйыны өтөт.

-Коронавирустан жабыркаган медициналык кызматкерлердин ичинен бардык облустардан 40 адамдын тизмеси берилген. Бирок илдетти тастыкташ үчүн ар бир медицина кызматкеринен эпидемиологиялык тастыктоочу документ, атайын акт жана башка бир нече документ керек. Ал корутундуну облустар ар бир медикке өз-өзүнчө даярдап бериш керек болчу. Бирок алар буга чейин оору жуктурган медиктердин тизмесин таблица түрүндө гана берип койгон. Ушундан улам кайра тапшырма берилген. Бүгүн комиссия ушул 40 медикке компенсация төлөө маселесин карап чыккандан кийин акча төлөнө баштайт, — деди Акматова.

Өлкөдө COVID-19  менен 2 миң 428 медкызматкер ооруган, алардын 624ү айыгып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM