Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустун 1108 жаңы учуру катталды

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 654 | 0

Кыргызстанда 21-июлга карата (пневмонияны эске алганда) коронавирустун 1108 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 28 миң 251 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек шаары — 323;
  • Ош шаары – 124;
  • Чүй облусу – 122;
  • Ош облусу -93;
  • Талас облусу — 70;
  • Нарын облусу – 54;
  • Ысык-Көл облусу – 154;
  • Жалал-Абад облусу – 107;
  • Баткен облусу — 61 учур.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 1667 бейтап айыкты. Алар:

  • Бишкекте – 654;
  •  Чүй облусу – 376;
  • Ош облусу – 181;
  • Талас облусу – 66;
  • Нарын облусу – 76;
  • Ысык-Көл облусу – 138;
  • Жалал-Абад облусу – 100;
  • Баткен облусу – 50;
  • Ош шаары – 26 бейтап сакайды.

Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 14 миң 777ге жетти. Коронавирус илдетинен (пневмонияны эске алганда)  1079 адам каза болду. Тастыкталган учурлардын жалпы саны 28 миң 251.

Copyright © 2017 Maral FM