Connect with us

Кыргызстанда коронавирустан дагы 42 бейтап каза болду

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 698 | 0

Кыргызстанда 21-июлга карата COVID-19 илдетинен дагы 42 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Бишкек шаарында– 9 бейтап, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 7, Талас облусунда- 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда 1 бейтап кайтыш болду.

Коронавирус илдетинен (пневмонияны эске алганда)  1079 адам каза болду.

Кыргызстанда 21-июлга карата (пневмонияны эске алганда) коронавирустун 1108 жаңы учуру катталды. Вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 28 миң 251 адамга жетти. Ошол эле учурда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 1667 бейтап айыгып, илдетти жеңгендердин жалпы саны 14 миң 777ге жетти. Тастыкталган учурлардын жалпы саны 28 миң 251.

Copyright © 2017 Maral FM