Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Ошто 100 орундуу эки оорукана куруу долбоору башталды

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 1131 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда, премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттан билдирди.

Кубатбек Боронов Өкмөт кырдаалды турукташтыруу үчүн күчөтүлгөн иштерди улантып жатканын белгиледи. Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана куруу үчүн долбоор даярдалып баштады. Борбордо Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагынан курулушка жер тилкеси аныкталып коюлган.

Ал ошондой эле Өкмөт тарабынан дары-дармектердин тартыштыгын жоюу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Өзбекстандан «гепарин» дарысынын бир партиясы келди, жакын арада Кытайдан бир топ дары-дармектердин келиши күтүлүп жатат, Индиянын жана Ирандын фармацевтикалык заводдору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле анын маалыматы боюнча, жакында Мамлекет башчысынын өлкөнүн алдыңкы медицина адистери менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндөгү сунуштарды эске алуу менен дарылоонун алгоритми жана протоколу өзгөртүлдү. «Гепарин» жана «клександы» алмаштырган дарылар колдонулуучу дарылардын тизмесине кирди.

Кубатбек Боронов ал жактагы көзөмөл күчөтүлгөнүн, жакында аталган обсервациялык зонанын жетекчиси алмашылгандыгын билдирди.

Президент ошондой эле аймактардын тургундарын камсыздоо маселесине көңүл бурду, буга байланыштуу алыскы тоолуу аймактардын жана айрым облустардагы райондордун бири-биринен алыс жайгашкандыгын эске алуу менен дары-дармектерди жеткирүүнү иштеп чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков Бишкек жана Ош шаарларына тез курулуучу конструкциядан ооруканаларды куруу боюнча өкмөттүк демилгени колдоого алды.

Бишкек шаарынын мэриясы борборго инвесторлорду тартуу менен көп профилдүү оорукана куруу маселесин дагы иштеп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM