Биз менен байланышыңыз

Президент 21-июлда ыктыярчылар менен жолугушат

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 735 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-июлда ыктыярчылар, активисттер менен жолугушарын «Сообща» ыктыярчылар ассоциациясынын жетекчиси Айдана Оторбаева фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал президенттик аппараттан чалуу болуп, өлкө башчы менен жолугушууга чакырылганын айтты. Бирок өзү жетектеген ыктыярчылар тобу бул жолугушууга барбай турганын билдирди.

Биз саясаттан алыспыз. Силердей эле менин да президентке айта турчу сөздөрүм бар, бирок мен мунун маанисин көрбөй жатам. Учурда эң оор кырдаалды баштан кечирип жатабыз. Президентте көп нерсе жасоо үчүн жетиштүү түрдө фактылар бар, бирок аракет жок. Кыскасын айтканда, эртеңки жолугушуудан пайда чыкпайт. Биз эртең мененки саат 08:00дөн тарта жумушта болобуз, -деп айтылат билдирүүдө.

Президенттин ыктыярчылар менен жолугушуусу тууралуу расмий маалымат бериле элек.

 

Copyright © 2017 Maral FM