Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү азайды

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 1987 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 2 киши, пневмониядан 32 киши кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйынында кабарлады.

«Кудайга шүгүр, акыркы күндөрү өлүмдүн тенденциясы жакшы жакка бурулуп жатат. Мисалы, акыркы суткада тастыкталган COVID-19 илдетинен эки эле адам, ооруканадан тышкаркы пневмониядан 32 киши кайтыш болду. 13 миң 201 адам учурда стационарларда дарыланып жатат. 12 мин 942 адам сакайып чыкты. Реанимациядан жөнөкөй палатага которулуп жаткандар да бар. Биз тенденцияны кармап тургандыктан сакайып кеткендер көбөйүп жатат деп айтууга негиз бар», -деди министрдин орун басары.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда:

— Бишкек шаарында– 20;
— Ош шаарында– 1;
Чүй облусунда – 2;
— Ош облусунда – 4;
— Нарын облусунда – 3;
— Жалал-Абад облусунда 4 адам каза болду.

Коронавирус илдетинен кайтыш болгондордун жалпы саны 1037ге жетти.

Өлкөдө бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен (пневмонияны эсепке алганда) айыккандардын статистикасы:

— Бишкек шаарында– 273;
— Чүй облусунда – 71;
— Ош облусунда – 251;
— Талас облусунда – 30;
— Нарын облусунда – 25;
— Ысык-Көл облусунда – 29;
— Жалал-Абад облусунда – 40;
— Баткен облусунда – 15;
— Ош шаарында 47 бейтап айыкты.

Жалпысынан бир сутка ичинде 781 бейтап айыкты. Коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 13 миң 109га жетти.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын жалпы саны (пневмонияны эске алганда) 27 миң 143тү түзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM