Биз менен байланышыңыз

20-июлдан тарта автоунаа ээлери ишеним каттарды каттата алышат

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 555 | 0

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрү ишин жандандырды. Эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткендигине байланыштуу мекеменин бөлүмдөрү 6-июлдан тарта карантинге жабылган.

Автоунаа каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убактылуу токтотулушу менен автоунааларга ишеним каттын мөөнөтү аяктаган.

Карантин убагында автоунааларга ээлик кылууга берилген ишеним каттын мөөнөтү бүткөн жарандар «Унаа» мекемесинин Нарын, Сүлүктү бөлүмдөрүнөн, Кочкор, Жумгал секторлорунан, Бишкек шаарындагы Чокан Валиханов-2 дарегинде жайгашкан бөлүмүндө, ошондой эле Военно-Антоновка айылы, Рио-Авто унаа базарынын аймагында жайгашкан бөлүмүнүн аймактар аралык секторунда 20-июлда каттоо жүргүзө алышат.

Ал эми Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмү жана Лебединовка айылы, Победа проспектиси. 121Б дарегиндеги айдоочулук курамды каттоо боюнча бөлүмдөрдө карантиндик иш-чаралар ушул жылдын 2-августуна чейин узартылды.

Мындан тышкары, 20-июлдан 2-августка чейин «Унаа» мекемесинин Баткендеги эки бөлүмү да карантинге жабылат.

Военно-Антоновка айылы, Рио-Авто унаа базарынын аймагында жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык секторунда иш тартиби убактылуу өзгөртүлдү. Эми сектор 08: 30-17: 30га чейин иштейт (түшкү тыныгуу 12:00 — 13:00), иш күндөрү — дүйшөмбүдөн жумага чейин.

Copyright © 2017 Maral FM