Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Насыр Мусаев каза болду. Бул тууралуу «Кыргызстан» партиясы билдирди.
Мусаев 1958-жылы Токмок шаарында төрөлгөн. Өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү менен алектенип, Кыргызстандагы дунган ассоциациясынын вице-президенти болгон.
2018 – 2019-жылдар аралыгында «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ага чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон.
- 1978-жылы ПОШ фабрикасында техник-механик;
- 1988 – 1991-жылдары ПТУ-23 мекемесинде директордун орун басары;
- 1993 – 1996-жылдары «Интур-Азия» туристтик фирмасы;
- 1996 – 2001-жылдары «Жетиген» туристтик фирмасынын директору;
- 2001-жылдан бери «Ним Компани» ЖЧКнын директору кызматын аркалаган.