Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 600 миңден ашты.
Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, өлүмдүн көпчүлүгү АКШ (139,9 миңден ашык), Бразилия (78,7 миңден ашык) жана Улуу Британияга (45,3 миңден ашык) туура келет.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө 14,2 миллиондон ашык адам коронавирус жуктуруп алды.
Анын көпчүлүк учурлары АКШда (3,6 млн.), Бразилияда (2,04 млн.), Индияда (1,039 млн.), Россияда (758 миң) жана Перуда (345 миң) катталган.
Коронавирус инфекциянын алгачкы учурлары 2019-жылдын аягында Кытайдын борборунда байкалган жана 2020-жылдын февралында дүйнө жүзүнө жайыла баштаган.
Март айында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму аны пандемия деп тааныган.