Биз менен байланышыңыз

Президент: Пандемия мамлекеттик системадагы «илдеттерди» ашкереледи

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 794 | 0

Пандемия Кыргызстандын мамлекеттик системасындагы бир топ «илдеттерин» ашкереледи. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 18-июлда «Биринчи радиого» курган маегинде билдирди.

«Азыркы жагдай мамлекеттик системадагы бир топ илдетибизди ашкереледи. Жыйынтыктарды чыгарабыз. Бир канча мамлекеттик маселелер, багыттар боюнча терең ойлонуудамын. Мамлекеттин, элдин жашоосуна таасир этчү кадамдарга барабыз. Анын негизгиси — саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн баарыбыз туш болдук, улут саламаттыгына коркунуч жаралды. Буйруса, саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз».

Ошондой эле, өкмөт сырттан келген каражаттын максаттуу колдонулушуна башы менен жооп берерине ишендирди.

«Урматтуу мекендештерим, абал оор, муну баарыбыз билип турабыз. Биз жалпы кыргызстандыктар пандемия шартында жашаганды жана эмгектенгенди үйрөнүшүбүз керек. Экономикалык, социалдык долбоорлор токтобойт. Жаңыларын баштайбыз. Менин президенттик ишимде калкты таза суу менен камсыздоо, ирригацияны оңдоо, калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу программалары кырдаал  канчалык кыйын болсо да токтобойт», -дейт Жээнбеков.

Президенттин айтуусунда, социалдык тармакта иштегендердин айлыгы үзгүлтүккө учурабайт. Аялуу катмардагы жарандарды колдоо саясаты да көзөмөлдө.

Мындан тышкары, Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде санариптештирүү боюнча 9 позицияга алдыга жылганын кабарлады. Мындан ары да бардык тармактар боюнча санариптештирүү тездетилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM