Биз менен байланышыңыз

Президент: Жөнөкөй эрежелер сакталбаган үчүн вирус тарады

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 965 | 0

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жөнөкөй санитардык эрежелер сакталбагандыктан тарап кетти. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 18-июлда «Биринчи радиого» курган маегинде билдирди.

Ал учурдагы кырдаал курч экенин моюндап, вирустан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле карантин алынгандан кийин тартип сакталбай калганын белгиледи.

“Буга кошумча кээ бир саясатчылар ачык эле чыгып, парламентте да, анын сыртында да «коронавирус жок, бийлик элди митингге чыгарбаш үчүн жөн эле айтып атат, сырттан каражат алыш үчүн ушундай кылып жатат» деген ойлорду айтып, ага ишенгендер да болду. Ошондой нерселерден жетишкен ийгиликти кармай албай калдык. Мен кечээ жакында медиктер менен жолуктум. Профессор Оморов башка өлкөлөрдүн мисалдарын айтты, илдеттин жайылышынын негизги себеби — негизги 5 принциптин сакталбагандыгында экен.

Бул эрежелерди биз карантин учурунда 2 ай бою кармагыла, сактагыла дедик. Айрыкча биздин медиктер айткан принциптерди кармагыла деп жаттык. Бул кандай эреже? Колду жуу, маска тагын, социалдык дистанцияны карма, ооруп калсаң дарыгерге кайрыл, кеңеш ал. Эгерде оорураак болсоң больницага жат, жеңил болсо үйдө дарылан, ооруп калгандан кийин бирөө менен контактка барба. Өзүңдү сакта, андан кийин жаныңдагыны сакта деген нерсе — бул жөнөкөй нерсе да. Ушуларды сактабаган үчүн вирус тарады. Бирок дагы деле айтып, талап кылып жатабыз, бул эрежелерди сакташыбыз керек», — дейт президент.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар жалпысынан 25 047 учурга жетти. 18-июлга карата COVID-19 вирусу менен 1264 адам катталды. Ошондой эле, бир суткада коронавируска кабылган 73 бейтап каза болду.

17-июлдан тарта Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын статистикалары бириктирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM