Биз менен байланышыңыз

Элеттик товар өндүрүүчүлөргө 3 млрд 765 млн сом насыя берилген

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 199 | 0

Жыл башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорунун алкагында 3 млрд 765 млн сомго насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Министрликтин бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, июль айынын башына карата «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорунун алкагында коммерциялык банктар аркылуу элеттик товар өндүрүүчүлөргө 3 млрд 765 млн сомго 7 миң 459 жеңилдетилген насыя берилген.

Анын ичинен:

— өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 388,3 млн сомго 1 173 насыя,

— мал чарбачылыгына – 2 435,8 млн сомго 6 124 насыя,

— кластерге – 185,2 млн сомго 81 насыя,

— кайра иштетүү тармагына – 391,9 млн сомго 70 насыя,

— ун өндүрүүгө – 363,8 млн. сомго 11 насыя берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM