Биз менен байланышыңыз

Быйыл кооптуу шарттарда 40 миң литрдей мунайзаттары сатылган

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 601 | 0

Бир ай ичинде 23 миң 562 литр, жыл башынан бери 38 миң 925 литр мунайзаты кооптуулугу жогору шарттарда сатылган. Бул фактылар боюнча материалдар Финансы полициясына өткөрүлүп берилгенин Салык кызматы кабарлады.

Мунайзаттарын жол жээктеринде, жеке үйлөрдө, автобустардын жана кичи автобустардын акыркы аялдамаларында саткандарга рейддер жүргүзүлүп турат.

Рейддер менен катар, электрондук товардык белгилерди киргизүү 2020-жылдын 1-июлунан баштап күйүүчү-майлоочу материалдардын көмүскө жүгүртүлүшүн аныктоого жардам берүүдө.

Мунайзат рыногундагы жаңы талап мунай жана мунай заттарды казып алуу, өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъектилерге карата колдонулат.

Электрондук документте мунай жана мунайзаттары, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү ишке ашыруучу транспорттук каражаттар жана башкалар жөнүндө маалыматтар камтылган.

Ошондой эле Салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, ККМ-онлайн сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда.

Copyright © 2017 Maral FM