Биз менен байланышыңыз

Быйыл жол тармагына бөлүнө турчу бюджет 70 пайыз кыскартылган

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 408 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-июлда транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов менен жол тармагынын азыркы абалын талкуулады.

Жанат Бейшенов эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен министрликтин бюджети 70%га кыскартылганын, мурда бөлүнгөн каражаттарды үнөмдөө менен ички жолдорду оңдоп-түзөө улантылып жатканын билдирди. Ашуулардагы жолдордун абалына дагы өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Бишкек — Кара-Балта унаа жолуна орган-минералдык катмар төшөлүп жатат, жыл соңуна чейин бардык трассаны асфальттоо иштери жыйынтыкталышы керек деген келишим бар. Ошондой эле каражатты үнөмдөөнүн эсебинен Бишкектин  7 чакырым жол тилкесин оңдоо пландаштырылууда.

Маданият — Жалал-Абад жолунда болсо асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бизде деңизге чыгууга жол жок, пандемия шартында ар тараптан «жабылып» калдык. Чек аралар жабылды, экономикага эле эмес, азык-түлүк коопсуздугуна да коркунуч жаралды. Калкты биринчи кезектеги азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси коркунучта калды. Андыктан өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу өтө маанилүү. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу бизге абадай керек», — деди мамлекет башчы.

Мындан сырткары, салмак- көлөмдү текшерүү тутумундагы жемкорлук маселеси талкууланды. Мындан тышкары, аймактардагы ички жолдорду, айрыкча алыскы бийик тоолуу аймактардагы жолдорду суук түшө электе оңдоо иштерин баштоо керектигин белгиледи.

Үстүбүздөгү жылда өлкөнүн 23 шаарында жана 40 районунда 153 км ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери мерчемделген. Бул максатта 500 млн сом бөлүү пландалып, анын 100 млну бөлүнүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM