Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Статистика бириктирилди. Акыркы суткада 83 адам каза болду

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 591 | 0

17-июлга карата Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын статистикалары бириктирилди. Ага ылайык,

COVID-19 илдетинен бир сутка ичинде 83 адам каза болду.

-Бишкек – 33;
-Чүй облусу – 7;
-Ош облусу – 9;
-Талас облусу – 2;
-Нарын облусу – 3;
-Ысык-Көл облусу – 17;
Жалал-Абад облусу – 11;
-Баткен облусу – 1.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны (пневмонияны эске алганда) 785ке жетти.

Бүгүнтөн тарта коронавирус анализинен табылгандар да, анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып жаткандар да COVID-19дун бирдиктүү статистикасына кирет:

— U07.1 – лаборатордук негизде тастыкталган COVID-19 (ПЧР+);
— U07.2 – клиника-эпидемиологиялык COVID-19 (ооруканадан тышкаркы пневмония).

Copyright © 2017 Maral FM