Биз менен байланышыңыз

Улуттук хирургия жана Шаардык перинаталдык борборлору коронавируска чалдыккандар үчүн кайра түзүлөт

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 477 | 0

Улуттук хирургия борбору жана Шаардык перинаталдык борбор коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн кайрадан түзүлөт. 17-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова эксперттер тобу менен бирге аталган борборлордун мүмкүнчүлүгү менен таанышты.

Улуттук хирургия борборунда 40ка жакын орун коронавирустук инфекциясы өтүшүп кеткен бейтаптар үчүн бөлүнгөн.

Шаардык перинаталдык борбор № 2-төрөт үйүнө тийиштүү кош бойлуу аялдарды да кабыл алат, ал коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптар үчүн толугу менен кайрадан түзүлгөн.

Башка мамлекеттик клиникалар да калкты тейлөө үчүн кайрадан түзүлгөн бөлүмдөрдү сунуштамакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM