Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда акыркы суткада 603 адам коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 605 | 0

Бүгүн, 17-июлга карата дагы 603 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын айтымында, вирус жуктургандардын эң көбү Бишкек шаарында.

-Бишкекте — 300 учур;

-Чүй облусунда — 82;

-Ош шаарында — 67;

-Ош облусу боюнча 43;

-Жалал-Абад облусунда — 48;

-Баткенде — 53;

-Ысык-Көл облусунда 6;

-Нарында — бир;

-Таласта — беш учур.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 13101 учурга жетти.

Ошондой эле бир суткада 86 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Ушуну менен коронавирустан айыккандардын жалпы саны 6096га жетти.

Акыркы бир суткада коронавирус жуктургандардын 120сы медициналык кызматкерлер.

Коронавирус жуктурган 173 адам (+6 учур бүгүн катталды) каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM