Биз менен байланышыңыз

Боронов ЕАЭБдин Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 364 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти.

Жыйындын күн тартибинде соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактарында өз ара иштешүү маселелери каралат. Ошондой эле ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү, финансы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу жана башка бир катар темалар талкууланат.

Кубатбек Боронов бир нече жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM