Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эми пневмония да коронавирус катары каттоого алынат

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 1025 | 0

Кыргызстанда өпкөсү кагынгандар да коронавирус катары каттоого алынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйынында кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлиги эксперттердин тобу иштеп чыккан COVID-19 илдетинин улуттук клиникалык колдонмосунун 3-версиясын бекитти. Анда бейтаптарды коронавирустан, пневмониядан стационардык жана амбулатордук шартта дарылоо алгоритми белгиленди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан кабыл алынган классификациялоого ылайык, коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу чыкты.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 7, өпкөнүн кагынуусунан 41 бейтап каза болду.

Март айынан бери өпкөнүн сезгенүүсүнөн каза болгондордун жалпы саны – 612 адам. Ал эми коронавирустан 167 бейтап кайтыш болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM