Биз менен байланышыңыз

Президент маркум Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды (сүрөт)

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 1706 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон студент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды. Жээнбеков Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.

«Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам. Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сүйгөн кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин», — деп белгиледи президент.

Ата-энесинин айтымында, Адинай Мырзабекова мектепте окуп жүргөн кезден бери медик болууну кыялданып, Ысык-Атадагы Юрьевка айылынын орто мектебин эң жакшы баалар менен окуган. Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Медициналык академияга тапшырган.

Президент Адинай Мырзабекова учурдун баатыры экенин, ал мекендештеринин эсинде башкалардын саламаттыгы үчүн өз өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы катары калаарын белгиледи.

22 жаштагы Адинай Мырзабекова Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы болуп 11 күн иштеген. Жакындарынын айтмында, ал ден соолугу таза эле жүргөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 13-июлда Адинайдын ден соолугу кескин начарлап, бир сааттан кийин көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM