Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министрлиги хижама жасоо кооптуу ыкма экенин билдирди

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 1031 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги хижама жасоо кооптуу ыкма экенин расмий билдирди. Министрликтин маалыматында, хижама жасоо медициналык ыкма катары лицензияланган эмес, ал клиникалык протоколдордо да жок.

Министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын айтымында, хижама жасоо пневмониядан же башка дарттан айыктырары медициналык жактан тастыкталган эмес.

“Ошондуктан хижама ыкмасы менен дарылангыла, ал дарылануунун эффективдүү жолу деген ойлордон алыс болуп, андай дарылоо ыкмаларын жүргүзгөн адамдарга барбаңыздар. Коронавирус же пневмония гана эмес, ВИЧ илдети, гепатит кан аркылуу жугушу мүмкүн. Хижама жасоого чакырган видео кайрылууларда бул ыкманы жасатканда беш күн, жети күн ичинде адамдын температурасы түшүп жакшы болуп калганын айтышууда. Жок, негизи адамдын организми вирус менен 5-7 күн ичинде өзү күрөшүп, температурасы түшөт. Хижама жасоого чакырган жигиттер видео кайрылууда көп кыймылдагыла, көп суюктук ичкиле, витамин жегиле деп айтып жатышат, бул ыкмаларды биз колдойбуз”, -дейт Акматова.

Министрлик кан аркылуу жугуп калган оорулар бир же эки айдан кийин белгилерин берип башташы мүмкүн экенин эскертет.

Хижама менен пневмонияны айыктыруу: кандай зыяндары бар?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM