Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 7, пневмониядан 41 бейтап каза болду

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 788 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан  7 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. Алар:

-Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 78 жашта);
— Баткен облустук ооруканасынан – 1 (аял, 71 жашта);
— Нарын облустук ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта);
— Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 42 жашта, эркек 63 жашта);
— Кара-Буура аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 79 жашта;
— Панфилов ЖДПК – 1 (эркек, 53 жашта).

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 167 кишини түздү.

Мындан тышкары, бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен 20 адам өлкө аймактарында, ал эми Бишкекте 21 адам.

Март айынан бери өпкөнүн сезгенүүсүнөн каза болгондордун жалпы саны – 612 адам.

 

Copyright © 2017 Maral FM