Биз менен байланышыңыз

Бүгүн 521 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 460 | 0

Бүгүн, 16-июлга карата Кыргызстанда коронавирустун 521 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын ичинде:

-Бишкек шаары боюнча – 273 учур;

-Чүй облусу — 74;

-Ош ш. — 38;

-Ош облусу — 16;

-Жалал-Абад облусу — 43;

-Баткен облусу — 39;

-Ысык-Көл облусу — 30;

-Талас облусу — 81 учур.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 12 498ге жетти.

Акыркы бир суткада коронавирустан 75 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Пневмониядан бир суткада айыккандардын саны 379ду түздү. Илдеттен айыккандардын жалпы саны учурда 5632ни түзүүдө.

Учурда стационарда – 682 бейтап бар, алардын ичинен 16 киши реанимацияда. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткандардын саны – 6 017.

Copyright © 2017 Maral FM