Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Президент мындан кийинки кырдаалды анализдөөнү тапшырды

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 698 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков медиктерди эпидемиологиялык кырдаалга анализ кылуу үчүн өкмөткө жардам берүүгө чакырды.

Ал 15-июлда саламаттыкты сактоо жаатындагы белгилүү адистер менен жолугушту. Анда илимий пикирлерди, саламаттык сактоо тутумунунун азыркы кырдаалда жаралган көйгөйлөрүн чечүү үчүн практикалык сунуштарды укту.

Жээнбеков күнү-түнү элдин саламаттыгы менен өмүрүнө кам көрүп жаткан эмгеги үчүн дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, аймактардагы медиктерге кеп-кеңештерди берүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга төмөнкү дарыгерлер катышты:

— медицина илимдеринин доктору, профессор, И. Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов;

— ДССУ эксперти Касымбек Мамбетов;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Айнура Кутманова;

— медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова;

— Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун (ДБРБ) директору Нуриля Алтымышева;

— Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева.

Copyright © 2017 Maral FM