Биз менен байланышыңыз

Өкмөт 500-1000 даана концентратор сатып алат

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 410 | 0

Кыргызстанга жакында 200 кычкылтек концентраторунан турган партия келди. Дагы 500-1000 даана концентратор сатып алынат. Мындан тышкары, гуманитардык жардам катары 400 концентратор келет.

Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.

Учурда дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды ташуу боюнча бир катар өлкөлөр менен келишимдерди түзүү маселелери иштелип жатат.

“Концентраторлор жана дары-дармектер аймактар ортосунда бөлүштүрүлөт. Алар мүмкүн болушунча айылдардагы фельдшердик-акушердик пункттарга жеткирилет»,- деди өкмөт башчы.

Мындан тышкары дарылардын жана медициналык тейлөө кызматтарынын баасына мониторинг жүргүзүү иштерин улантууну тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM