Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 11, пневмониядан 74 бейтап каза болду

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 636 | 1

Кыргызстанда 15-июлга карата 11 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

-Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 63 жашта);
-№ 1 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 64 жашта);
-Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта);
— Улуттук фтизиатрия борборунан – 1 (эркек, 64 жашта);
— Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 54, 61 жашта);
— Баткен облустук ооруканасынан – 2 (эркек, 49 жашта, аял, 58 жашта);
— Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 53 жашта, медик);
— Тоң аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял, 36 жашта).

Коронавирустан каза болгондордун жалпы  саны 160 кишини түздү.

Мындан тышкары, бир сутка ичинде пневмониядан 74 бейтап каза болду. Алардын ичинен 57 адам республика боюнча (20 адам өткөн 3 айдын ичинен Ысык-Көл о.) жана Бишкекте 17 адам.

Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны – 571 адам.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    15.07.2020 16:15

    Пневмания деп тергебей, ошол вирустун айынан болуп жатабы? Вирустан караганда пневманиядан коп жабыркап жатат. Экоонун айрымасы кандай?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM