Биз менен байланышыңыз

15-июлда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 439 учуру катталды

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 577 | 0

Бүгүн, 15-июлда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 439 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын ичинде, Бишкек шаары боюнча – 172 учур,  Чүй облусу — 70, Ош ш. — 53, Ош облусу — 30, Жалал-Абад облусу — 32, Баткен облусу — 66, Ысык-Көл облусу — 14, Нарын облусу — 1, Талас облусу — 1 учур.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 11 977ге жетти.

Ошондой эле акыркы бир суткада 91 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Республика боюнча коронавирустан жалпы 5314 адам айыкты.

Стационарларда 645 бейтап дарыланууда. Алардын 139у оор абалда, 404ү орто оор жана 102си канааттандырарлык абалда. Ал эми 18 жаран жандандыруу бөлүмүндө.

Copyright © 2017 Maral FM