Биз менен байланышыңыз

«Элим,барсыңбы?!» жардам кербенин баштады

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 444 | 0

«Элим,барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фондунун БАРБЫЗ долбоору алкагында жардам кербени башталды. Анын алкагында региондорго даары дармек, коргоочу костюм, кычкылтек концентратор жана башка керектүү шаймандар жеткирилүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 11-12 июль күндөрү;

  • Балыкчы шаарынын ооруканасына 1 кычкелтек концетратор, СИЗ костюмдары, респиратор,
  • Чырпыкты, Григорьевка, Кожояр жана Семёновка айылдарына 1 кычкылтек концентратор, керектүү даары, СИЗ жана респиратор тапшырылды.

 

Мындан тышкары Бишкек шаарынан барган дарыгер жергиликтүү медицина кызматкерлерине маалымат берген.

Демөөрчүлүк кылгандар:

— @elektrocoplex_ltd ишканасы, Жанарбек Конушбаев — даары жана дарыгердин акысы

— Нурсултан Майназаров тарабынан — Орусиядагы мекендештерден 2 кычкылтек концентратор

— ШОРО ишканасы — 2 кычкылтек концентратор

— АКШ, Хюстондон жеке ишкер Данияр мырза — 50 СИЗ костюмдары

— Жеке ишкер Каныбек Нышанов — 500 респиратор

«Аманаттарды жеткирип тапшырып бердик. Долбоорубузду колдоп берген, колдоо көрсөтүп жаткан баардыгына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз», — деп айтылат билдирүүдө.

«Элим,барсыңбы?!»: Даарыгерлерди колдоого 142 миң 300 сом чогултулду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM