Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан жашоо наркы эң арзан 10 өлкөнүн катарына кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 640 | 0

Шаарлар жана өлкөлөр боюнча ири маалыматка ээ Numbeo жашоо минимуму боюнча мамлекеттердин рейтингин жарыялады.

Кыргызстан жашоо наркы боюнча дүйнөдөгү эң арзан 10 мамлекеттин катарына кирди.

Керектөө бааларынын индекси боюнча Бермуд аралдары лидер болгон. Кийинки тизмеде Швейцария, Норвегия, Исландия жана Япония турат.

Индекс белгилүү бир убакыт аралыгындагы керектөө куржунуна товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо баасын көрсөтөт. Буга тамак-аш азыктарынын наркы, ресторандардагы баалар, транспорт жана коммуналдык кызматтар кирет.

Сандар Нью-Йоркко салыштырмалуу берилген. Эгерде индекс 133 болсо, анда жашоо деңгээли ушул шаарга караганда 33% кымбат экендигин билдирет.

Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан 133-орунга чыгып, эң арзан 10 мамлекеттин катарына кирди.

Компания Өзбекстан, Пакистан, Индия, Кыргызстан, Афганистан, Сирия, Тунис, Непал, Косово жана Алжирден түзүлгөн.

Пакистан рейтингин жапты. Ага жалпысынан 135 мамлекет катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM