Биз менен байланышыңыз

15-июлдан тарта Орусияга баргандар карантинге алынбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 872 | 0

Орусияга барган чет элдик жарандар милдеттүү түрдө 2 жумалык карантинге алынып келсе, 15-июлдан тарта мындай эреже күчүн жоготот. Орусияга баргандар карантинге алынбайт.

Чет өлкөлүктөр жана Орусиянын жарандары чек арадан коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Анын мөөнөтү өлкөгө барганга чейинки 3 күн ичинде же Орусияга баргандан кийин 3 сутка ичинде гана жарактуу.

Ошондой эле жумуш берүүчүлөр кызматкерлери тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилди.

Март айынын аягынан бери Орусиянын аймагына кирген адамдар 2 жума милдеттүү түрдө карантинге алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM