Биз менен байланышыңыз

400 орунга эсептелген интенсивдүү терапия палаталары ачылат

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 655 | 0

«Семетей» обсервациясында 400 орунга эсептелген интенсивдүү терапия палаталары ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Бороновдун обсервациянын иши менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин балансындагы эки кабаттуу 6 имаратта учурда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Дарыгерлердин айтымында, бул орундар «Семетей» обсервациясына келип түшкөн оор абалдагы бейтаптарды дарылоо үчүн түзүлүүдө.

Интенсивдүү терапия палаталары 14-июлдан баштап бейтаптарды кабыл алат. «Семетей» обсервациясында жаңы 400 орунду кошкондо жалпы 1700 орун бар.

Кыргызстанда 13-июлга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 11 миң 117ге жетти. Илдеттен 3460 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 147 адам (+15 учур бүгүн катталды) каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM