Биз менен байланышыңыз

Быйыл алты айда Кыргызстандын экономикасы 5,3 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 612 | 0
Сүрөт: Айпери Жумабай кызы

Быйыл алты айда Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн көлөмү 228,3 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 5,3% төмөндөгөн.

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.

“Кумтөр” ишканасынын кирешелерин эске албаганда, ИДПнын көлөмү 195,9 млрд сом болуп, былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6,9% кыскарган.

Ички дүң продукциясынын көлөмүнүн төмөндөшү – курулуш жана тейлөө тармагында байкалды.

Мындан тышкары, өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу товар өндүрүү тармактарынын өсүшү ылдыйлап, 98,7% болду. (2019-жылдын алты айында бул көрсөткүч — 113,2%).

Кызмат көрсөтүүчү тармактарда өсүү темпи быйыл алты айда 91,8% түзгөн. Былтыр бул маалдагы көрсөткүч 101,5% болчу.

Copyright © 2017 Maral FM