Connect with us

Коронавирус менен күрөшүүгө бюджеттен 170,8 млн доллар бөлүнгөн

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 628 | 0

Кыргыз өкмөтү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн республикалык бюджеттен 170,8 млн доллар бөлүнүп, ал кандай жумшалганы тууралуу маалымат таратты.

89,1 млн доллар медицина кызматкерлерине, билим берүү, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалды;

6,2 млн доллар медицина кызматкерлерин, билим берүү системасынын, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрүнө багытталды;

26,3 млн доллар пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө жумшалды;

22,3 млн доллар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу медициналык мекемелерди камсыздандырууга багытталды;

2 млн доллар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого жумшалды;

14,5 млн доллар калктын аз камсыз болгон катмарынын жөлөкпулуна сарпталган;

1,3 млн доллар медициналык товарларды жана тейлөө кызматтарын сатып алууга багытталган;

3 млн доллар Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан запасты толтуруу максатында дан эгин сатып алууга жумшалган;

1,3 млн доллар COVID-19га каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор жашоо шартында калган калк үчүн азык-түлүк сатып алууга багытталган.

Каражаттын калган суммасын — 148,4 млн долларды экономиканы калыбына келтирүүгө жана пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшоо пландалууда.

Мындан тышкары COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында эл аралык донорлордон жана чет өлкөлөрдөн гуманитардык, техникалык жардам тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

13-июлга карата эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте 17,7 млн долларга жардам көрсөтүү маселеси иштелүүдө, анын ичинен 7,9 млн долларга медициналык жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер, жабдуулар, керектелүүчү материалдар жана азык-түлүк товарлары алынган.

13,1 млн доллар өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө (3,7 млн АКШ долларына жардам алынган), чет өлкөлөргө – 4,6 млн АКШ доллары (4,2 млн АКШ долларына жардам алынган) туура келет.

Copyright © 2017 Maral FM