Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 15 бейтап, пневмониядан 29 бейтап каза болду

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 422 | 0

Кыргызстанда 13-июлга карата 15 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. Алар:

-Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 4 (эркектер -56, 56, 46 жашта, аял, 60 жашта);
-Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 2 (аялдар – 70, 71 жашта);
-Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
-Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 55 жашта);
-Жайыл аймактык ооруканасынан – 5 (эркектер — 69, 67 жашта. Аялдар – 83, 50, 61 жашта);
-Кадамжай аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта);
-Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 75 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 147 кишини түздү.

Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 13 адам өлкө аймактарында, Бишкекте 16 адам.
Март айынан бери өпкөнүн сезгенүүсүнөн каза болгондордун жалпы саны – 452 адам.

Copyright © 2017 Maral FM