Биз менен байланышыңыз

Минсктен Бишкекке 164 жаран учуп келди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 299 | 0

Бүгүн, 13-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 164 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси мурда берилген билдирүүлөргө ылайык, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги тарабынан Европа өлкөлөрүндөгү чет өлкөлүк мекемелер менен өз ара аракеттешүүсүндө түзүлгөн .

Бул каттам менен Кыргызстан жарандары, анын ичинде Австрия, Беларусь, Бельгия, Улуу Британия Германия, Греция, Италия, Литва, Польша, Украина, Франция, Филиппин, Франция, Норвегия, Швейцария, Швеция, Түштүк Африкадагы өлкөлөрүнөн студенттер кайтып келген.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM