Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 488 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 571 | 0

Бүгүн, 13-июлга карата Кыргызстанда дагы 488 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын ичинде, Бишкек шаары боюнча – 265, Чүй облусу — 37, Ош ш. — 45, Ош облусу — 26, Жалал-Абад облусу — 51, Баткен облусу — 43, Ысык-Көл облусу — 15, Нарын облусу — 4, Талас облусу — 2 учур.

Республика боюнча коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 11 117ге жетти.

Бир сутка ичинде ооруканадан  73 бейтап айыгып чыкты. Республика боюнча жалпы 3460 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өлкөдө коронавирус жуктурган 147 адам (+15 учур бүгүн катталды) каза болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM