“Газпром Кыргызстан” Бишкек шаарынын мэриясына 30 кычкылтек концентраторун берди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалматка ылайык, концентраторлор шаардагы 4 стационарга бөлүштүрүп берилет.
“Кычкылтек концентраторлору шаардагы төрт стационарга бөлүштүрүлөт: Арча-Бешик конушундагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси; Спорт ордосу; Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси; Түштүк магистралындагы чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты”, — деп айтылат маалыматта.
Дагы 3 стационар ачылды. Бишкектеги 12 күндүзгү стационардын дареги