Биз менен байланышыңыз

ДССУ Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди

Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 290 | 0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 59 миң долларды түзөт.

«Аталган каражаттар өкмөттүн өтүнүчү боюнча COVID-19 илдетине каршы иш-аракеттерди колдоо максатында берилди. Саламаттык сактоо министрлиги кычкылтек концентраторлорун өлкөдөгү ооруканаларга бөлүштүрүүнү пландаштырууда», — деп билдирет министрлик.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга жеке коргонуучу каражаттарды, ПЧР-тест үчүн топтомдорду, лабораториялык чыгымдык материалдарды берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM