Биз менен байланышыңыз

Джефф Безостун байлыгы 180 млрд доллардан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 704 | 0

Forbes маалымдагандай, дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безостун байлыгы анын Amazon компаниясынын акцияларынын өсүшүнүн натыйжасында 180 миллиард доллардан ашты.

8-июлга карата Amazon рыноктук капиталдаштырууга 1,52 триллион доллардан ашык каражатка ээ болгон жана анын ордуна компаниянын 11,1 пайызына ээлик кылган Безостун байлыгы 181,5 миллиард долларга бааланды.

Нью-Йорктун биржасында соода башталганга чейин, Amazon акциялары 2,7 пайызга, 3081,11 долларга чейин көтөрүлдү.

6-июлда компаниянын капиталдаштыруусу биринчи жолу 1,5 триллион доллардан ашкандыгы жарыяланды.

Безостун байлыгы апрелде 113 млрд, бир жума мурун 172 млрд долларга бааланган. Май айынын ортосунда Comparisun компаниясынын эксперттери Безос 2026-жылы дүйнөдөгү биринчи триллионер боло аларын болжолдошкон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM