Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң бай адам ийгилик сыры менен бөлүштү

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2020 | 1054 | 0

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безос өз компаниясынын ийгилик сыры менен бөлүштү.

Безос кардарларга ар дайым көңүл буруу — ийгиликтин негизги фактору экенин белгиледи. Ал бул тууралуу Business Insider басылмасына берген маегинде билдирди.

Безостун айтымында, алдыңкы компаниянын кардарлары дагы бир нерсеге нааразы болушу мүмкүн.

Эгер бардык көңүл атаандаштарга багытталса, анда мотивация тез эле жоголуп кетет.

«Сиз илгертен бери алдыдасыз, анда чуркоонун эмне кереги бар? Эгерде сиз кардарларга көңүл бурсаңыз жана ал сизге мотивация болсо, бул абдан туруктуу фактор болуп саналат», — деди ишкер.

Ал белгилегендей, ар бир ишкер «10 жылдан кийин эмне өзгөрбөйт?» деген суроого жооп бериши керек. Компаниянын негиздөөчүлөрү узак убакыт бою туруктуу бойдон кала турган нерсенин тегерегинде стратегия түзүшү зарыл.

Безостун байлыгы учурда 143 миллиард долларга бааланууда. Буга чейин Comparisum кызматынын аналитиктери 2026-жылга чейин ал дүйнө жүзү боюнча триллион долларга ээ болгон биринчи адам болорун айткан.

Апрелдин ортосунда Amazon компаниясынын рыноктук капитализациясы 1,14 триллион долларга жетти, бул — компания үчүн рекорд.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM