Биз менен байланышыңыз

8-июлга карата дагы 345 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 1059 | 0

Бүгүн, 8-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 345 учуру катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Жаңы катталган 345 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү: Бишкек шаарында – 183, Чүй облусу — 51,  Ош ш. — 22, Ош облусу – 7, Жалал-Абад облусу — 23,  Баткен облусу — 21, Ысык-Көл облусу — 24, Нарын облусу — 14.

Акыркы сутка ичинде 3286 анализге изилдөө жүргүзүлүп, алардын ичинен 345 учурда коронавирус аныкталды. Тастыкталган учурлардын баары байланышта болгондордон аныкталган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 67 бейтап айыгып чыгарылды. Алар: Бишкек шаарында – 16,  Чүй облусу – 18, Ош шаары– 18, Ош облусу – 4, Баткен облусу – 2, Жалал-Абад облусу – 4.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 62 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле учурда суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1287 учур катталды, алардын ичинен 522 медкызматкер үйлөрүнө айыгып чыккан.

8-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 8486 учурга жетти.  Алардын ичинен 2 983 бейтап айыгып, 112 адам каза болду.

Учурда стационарда 592 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 17 адам реанимацияда. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткандар 4 799 адамды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM