Биз менен байланышыңыз

Ажылык: Быйыл Каабага кол тийгизүүгө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 408 | 0

Коронавирус пандемиясынан улам Сауд Аравия бийлиги ажылык учурунда зыяратчыларга Каабага кол тийгизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

2020-жылдагы ажылык мезгили 28-июлдан 2-августка чейинки аралыкка туура келген.

-Каабага кол тийгизүү жана аны өбүүгө тыюу салынат, — деп айтылат өлкөнүн Ажылык жана умра иштери боюнча министрлигинин билдирүүсүндө. Кааба менен ортодогу аралыкты сактоо максатында атайын тосмолор орнотулмакчы.

«Аш-Шарк аль-Аусат» жергиликтүү басылмасы жазгандай, зыяратчылардын тобу 50 кишиден ашпашы керек жана алар медициналык беткаптарды тагып, дистанцияны сактоого милтдеттендирилет. Ортодогу аралык 1,5 метрди түзүшү керек. Ошондой эле, Зам-зам суусу да бир ирет колдонулуучу идиштерге гана берилмекчи.

Буга чейин Сауд Аравия бийлиги чет өлкөдөн келген зыяратчылар үчүн ажылык сапары токтотулганын маалымдаган. Сауд Аравиясынын бийлиги коронавирустун жайылышына байланыштуу быйылкы ажылыкка катышууга чет өлкөдөн келүүчү зыяратчыларга уруксат берген жок. Быйыл Мекке жана Мединага зыярат кылууга падышалыкта жүргөн аз сандагы мусулман зыяратчылары үчүн гана уруксат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM