Биз менен байланышыңыз

Ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоо 9-январда башталат

Кыска кабар | 6 Янв 2019 | 866 | 0

2019-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоо 9-январда башталып 31-январь саат  17:00дө жыйынтыкталат. Бул туурасында муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттоо биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Талапкерлер Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынат. Талапкерлерди ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

Ошондой эле төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. 2019-жылы ажыга каттоо тартиби бир гана биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
  2. Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 АКШ доллар РСК Банкына (Ажылык-2019 счетуна) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.
  3. Ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (Ажылык-2019 счетуна) төлөнгөн (700сом) квитациясынын түп нускасы.
  4. Ажыга баруучунун жашаган жериндеги катталганы 2018-жылдын 10-августунан кем болбоосу шарт. Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы.
  5. Тышкы паспорту.
  • Биометрикалык паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.
  • Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2020-жылы 31-январь айына чейин бүтүүсү жараксыз.
  1. Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.
  • Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү ал эми махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1974-жылы май айында төрөлсө туулгандыгы тууралуу күбөлүк же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат ал эми июнь айында төрөлсө документ түп нускасы талап кылынат.
  1. (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.
  • Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт.
  • Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.
  • Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат.
  1. №086 формасындагы медициналык тактама.
  • Ажыга баруучунун ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу
  1. Келишимге кол койдуруу жана ажылык серверге киргизүү (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу болот).
  2. Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу (Тышкы паспорттунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу болот).
  3. Ажыга баруучунун кийиминин өлчөмү жана жеке телефон номери, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.
  4. Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт (2019-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
  5. Сауд Араб Падышалыгы (САП) тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөөгө милдеттүү (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга  барган ар бир ажыга баруучуга  тааныштырып, келишимге кол койдурууга милдеттүү).

Copyright © 2017 Maral FM