Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 450 адамда коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 1124 | 0

Бүгүн, 7-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 450 учуру катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Жаңы катталган 450 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү: Бишкек шаары – 229, Чүй облусу — 84, Ош ш. — 32, Ош облусу — 23, Жалал-Абад облусу — 47, Баткен облусу — 10, Ысык-Көл облусу — 13, Нарын облусу — 11, Талас облусу — 1.

Акыркы сутка ичинде 2253 анализге изилдөө жүргүзүлүп, алардын ичинен 450 учурда коронавирус аныкталды. Тастыкталган учурлардын баары байланышта болгондордон аныкталган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 73 бейтап айыгып чыгарылды. Алар: Бишкек шаарында – 29,  Чүй облусу – 8, Ош шаары– 17, Ош облусу – 10, Баткен облусу – 2, Жалал-Абад облусу – 4,  Талас облусу – 3.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 78 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1225 учур катталды, алардын ичинен 515 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

7-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 8 141 учурга жетти.  Алардын ичинен 2 916 бейтап айыгып, 99 адам каза болду.

Учурда стационарда 602 бейтап дарыланууда, алардын ичинен  21 адам реанимацияда. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткандар 4 524 адамды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM