Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова көз жумду. Бул маалыматты экс-депутаттын кесиптештери ырастап, көңүл айтышууда.
Маалыматка ылайык, Жанара Турдакунова эки тараптуу пневмония оорусуна чалдыгып, Улуттук госпиталда жаткан.
Илдеттин кесепетинен бүгүн, 6-июлга караган түнү каза тапкан.
Алмамбет Шыкмаматов менен жубайы Жанара Турдакунова 2 уул, бир кызды тарбиялап жатышкан
Марал радиосунун эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.